Карантинге туш келген Жеңиштин 75 жылдыгы борбордо кандай белгиленди? (фоторепортаж)
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленүүдө. Адатта Жеңиш күнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эстелигине гүл коюу аземи, согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин сыйлоо иш-чаралары, концерттер жана башка иш-чаралар өткөрүлчү.
Бирок коронавирустун жайылышына байланыштуу быйыл бир катар мамлекеттерде Жеңиштин 75 жылдыгына белгиленген иш-чаралар өтпөй калды. Ошондой эле Бишкек шаарында да иш чаралар токтотулган.
Ал эми айрым жарандар гүлдөрүн алып келип Өчпөс оттун жанына эскерип коюп кетишүүдө. Белгилей кетсек, ар жыл сайын Жеңиш күнүнө карата согушка катышкан жоокерлерди эскерүү үчүн «Өлбөс полк» акциясы уюштурулуп келет.
Анын катышуучулары өздөрүнүн аталарынын, апаларынын, туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, шаар менен айыл көчөлөрүндө жүрүш жасашчу. Быйыл пандемияга байланыштуу «Өлбөс полк» акциясы онлайн форматта өтөт.