Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.
ЖК жалпы жыйыныда 8-мартта болгон тынчтык маршы тууралуу маалымат угуп жатат. Анда депутат Жылдыз Мусабекова укук коргоочу Рита Карасартованын «бул акциянын артында УКМК турат»,-дегенине эч кандай жооп болбогонуна кызыкты.
«Өткөндө «Govori.TV» сайтына укук коргоочу, НПОчу Рита Карасартова «Бул кыймылдын артында УКМК турат»,-деп интервью берип жатат. Ушинтип мына «5-каналга», «Азаттыкка» айтып жатат. Бирок УКМК тарабынан жооп жок. Азыр жооп берип койгулачы»,-деди эл өкүлү.
Депутаттын мындай суроосуна УКМКнын өкүлү бул боюнча иликтөө жүрөөрүн, эмненин негизинде Карасартова мындай деп жатканы тууралуу жумуш жүргүзүүлөрүн айтып жооп берди.
Эске салсак, укук коргоочу Рита Карасартова «Govori.TV» агенттигине маек берип «8-мартта өткөн акциянын артында УКМК турат»,-деген пикирин айткан.
Бул тууралуу «Govori.TV» УКМКга жооп алуу максатында кайрылганда, ал мекемеден эч кандай жооп болгон эмес.