• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Карашев: Жылда Кыргыз-Казак чек арасында көйгөй жаралып келет

11 Кулжа 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Жылда Кыргыз-Казак чек арасында көйгөй жаралып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.

«Чек ара ачылды деп аябай кубанып, жетишкендик катары айтып жатабыз. Жалпысынан жыл сайын ушул көйгөй болуп келет. Биз ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин мындайга жол берилбеши керек. Биз ЕАЭБге мүчө болуп киргенде капиталдын эркин жүрүшү, товарлардын эркин өтүшү, жумушчулардын эркиндиги болуш керек. Өкмөт бул эркиндиктерди камсыз кылышы шарт. Эң керектүү мезгилде казак тарап чек араны жаап жатат», — дейт Карашев.

Количество просмотров: 98