COVID-19 экинчи ирет жукпайт дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө оорунун күчөп кетишине жол бербөө үчүн бүт күч-аракеттер жумшалып жатат.
«Буга чейин оорудум, эми мен оорубайм» дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Жарандарды беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого чакырат элем. Күз айларында сасык тумоо, респиратордук вирустук оорулар күчөй турган болсо, коронавирус илдети кошулса кандай болот? деген суроолор көп болууда. Бүгүнкү күндө оорунун күчөп кетишине жол бербөө үчүн бүт күч-аракеттер жумшалып жатат. Сасык тумоону эмдөө үчүн дагы вакцина сатып алынып жатат», — деди Каратаев.