• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Масалиев: Мадумаровдун ишинде саясий куугунтук көрүнүп турат

13 Жалган куран 2024 14:03 Бишкек Govori.TV

Адахан Мадумаровдун ишинде саясий куугунтук көрүнүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, Мадумаровдун ишинде 60га жакын күбөлөр көрсөтмө берди.

«Эки тараптын сүйлөшүүсү учурунда ар кандай ыкмалар каралып, протоколдорго кол коюлат. Бирок протоколду Жогорку Кеңеш бекиткен эмес, мыйзам кабыл алынган жок. Бул жерде саясий куугунтук көрүнүп жатат»,-деди Масалиев.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 92