• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кардиология борборундагы 7 бейтаптан коронавирус аныкталды

24 Аяк оона 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Улуттук кардиология борборунда жети бейтаптан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы кабарлайт.

Анын айтымында, бейтаптардан коронавирус дүйшөмбү күнү аныкталган, учурда алардын алтоосунун оорусу жеңил өтүп жаткандыктан үйлөрүндө, ал эми бир бейтап ооруканага которулду.

Белгилей кетсек, штабдын маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 591 бейтап, үй шартында 1 миң 651 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 127 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 757ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 5 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Количество просмотров: 66