• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги Кардиология борборунда өрт чыкты

11 Бирдин айы 202522:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тоголок Молдо көчөсү, 3/2 дарегинде жайгашкан борбордо чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылып, саат 22:33тө тилсиз жоо чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иши улантылууда. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок, имараттан жарандар эвакуацияланды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 198