• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каримова менен музыкалык мектептин кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал уланууда. Милиция чакыртылды

15 Үчтүн айы 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын жамаатынын нааразычылыгы уланууда. КР эмгек синирген артисти Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык бугун, 15-январдан тарта жетекчилик кызматына киришиши керек. Бүгүн жамаат менен жыйын курушуп, бирок кызматкерлер Каримованы кабыл албай коюшкан.

Алар Самара Каримованын музыкалык билими жок деген жүйө келтиришүүдө.

Мындан улам, аталган имаратка укук коргоо органынын өкүлдөрү келип, чогулгандардын коопсуздугун кароодо. Ыкчам тергее тобунун жетекчисинин айтымында, 102 номуруна Самара Каримова чалып адамдар топтолуп аны имаратка киргизбей жатканын билдирген. Бирок жерине келгенде чалуу жасаган адамдын өзү жок болуп чыкты. Ал эми нааразылыгын билдирип чыккандар эч кандай мыйзам бузушпагандыгын окуя болгон жерге кароо жургузген милиция кызматкери айтты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген эле.

Ырчы министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду.

Количество просмотров: 639