• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Каркыра» бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

29 Жалган куран 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «Каркыра» бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, «Каркыра» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» макулдашуусуна ылайык, «Каркыра» көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 101