Вице-премьер-министр кызматы менен бирге экономика жана каржы министринин милдетин аткарган Улукбек Кармышаков эмгек жамаатка өзүнүн орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Улукбек Кармышаковдун 8 орун басары:
• Министрдин биринчи орун басары – Мукашев Кыялбек Белекович;
• Министрдин биринчи орун басары – Иманалиев Данияр Шаршенбекович;
• Алиев Бекболот Абдыганыевич;
• Ахматов Султан Маматович;
• Алишеров Элдар Туралиевич;
• Байгончоков Мирланбек Конушбекович;
• Рысалиев Сейит Максутович;
• Шаршеев Айдин Өмүралиевич.
Ошондой эле Нарманбетов Садырбек Жаныбекович Борбордук казыналыктын директору болуп дайындалды.