• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кармышаков коррупция боюнча мамлекетке түшкөн акчалар кайда сарпталып жатканын айтты

19 Чын куран 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков коррупция боюнча мамлекетке түшкөн каражаттар кайда сарпталып жатканын айтты.

Ал брифинг учурунда, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн билдирди.

«Мамлекеттик органдар айтып жаткан 4 млрд сом кыймылсыз мүлк менен кошулуп айтылып жатат. 2 млрд сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 млрд 836 млн сому медкызматкерлерге берилет. Белгилүү болгондой, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы 100%га жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50%га көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат», — дейт ал.

Кармышаков кошумчалагандай, депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстөк пайызын төлөөгө 727 млн сом жумшалган.

Количество просмотров: 146