• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кармышаков “Кумтөр” боюнча соттун чечиминине карата пикирин билдирди

10 Бугу 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков “Кумтөр” боюнча соттун чечимине карата пикирин билдирди. Ал “Биринчи радиого” интервью берип жатып компания соттун чечимине каршы даттанууга укугу бар экенин жана “Кумтөр” муну жасайт деген ишенимин билдирди.

“Бул албетте экономика абалына таасир этет. Мен буга чейин айткандай, “Кумтөр” биздин экономикага белгилүү бир салым кошуп келет. Албетте, сот процесстери Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде айкыныраак көрүнөт. Мындан тышкары, ал жакта биздин эксперттер дагы иштеп жатат, анын жыйынтыгында тиешелүү чаралар кабыл алынат”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун 2021-жылы 7-майдагы чечимине ылайык, “Кумтөр Голд Компани” компаниясынан 261 млрд 719 млн 674 сомду мамлекеттин пайдасына өндүрүп берүү чечими кабыл алынган.

Сот «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү таштандыларды сактоо боюнча аракетин мыйзамсыз деп тапты. Компаниядан 261 млрд 719 млн 674 сомду мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча токтом кабыл алды. Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан мамлекетке 1 млрд 308 млн 653 сом айып алынсын деген чечим чыгарылды.

Доогерлер – Ысык-Көл облусунун жашоочулары соттон узак жылдар бою Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө сактап, узак жылдар бою Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамын бузган компанияга карата доону канааттандырып берүүнү өтүнүшкөн. Компания мөңгүлөргө 1 млрд 200 млн тонна бош тек чыгарган. ЖАКтын аракетинин натыйжасында 183 млн куб мөңгү бузулган.

Аталган токтом боюнча айыпталуучу тарап 30 күн аралыгында Бишкек шаардык сотуна даттана алат.

Количество просмотров: 275