• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кармышаков Россиянын өнөр жай жана соода министри менен жолукту

24 Бирдин айы 2021 21:47 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри — экономика жана каржы министри Улугбек Кармышаковдун Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президентин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Кармышаков менен Д.Мантуров өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн олуттуу талкуулашты, эки тараптуу соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана Россияда кыргыз продукциясын жайылтуу максатында биргелешкен ишканаларды түзүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына бекер техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Ушул Макулдашуу товарлардын айрым топторунун изделишин камсыз кылууга, ошондой эле контрафакттык жана контрабандалык товарлар менен күрөшүүгө багытталган товарларды маркировкалоо үчүн маалымат тутумун кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү жана толук адаптациялоону карайт.

Количество просмотров: 74