• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Судья Марат Сыдыков кызматтан кетүү арызын жазган

29 Жетинин айы 202419:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдакматов жана башкалар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушканы белгилүү болду.

Ошол эле учурда Кемпир-Абад иши боюнча сот чечимин чыгарып, жооптууларды актаган судья Марат Сыдыков өз каалоосу менен жумуштан кеткен имиш деп укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактарга жазды.

Соңку маалыматтарга караганда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.

Соттор кеңеши анын арызын 29-ноябрдагы жыйынында карай турганы кеңештин сайтындагы маалыматта айтылат. Кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз. учурда чын эле бул судьянын кызматтан кеткени же кетпегени белгисиз.

Количество просмотров: 288