Коомдук теле каналдын башчысы Илим Карыпбековдун 2017-жылга карата отчету каналдын Байкоочу Кеңеши тарабынан каралбай калды. Бул тууралуу өздүк булактар Govori.TVга билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, 29-мартта КТРдин Байкоочу Кеңеши бүгүн отурумга чогулуп, Илим Карыпбековдун отчетун угуп, кабыл алмак. Бирок, тилекке каршы, Байкоочу Кеңештин көпчүлүгү жыйынга келбей, кворум болгон эмес жана алар бир том отчетту жакшылап окуп, таанышып чыгуу керектигин айтышкан.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 20-апрелинде каналдын башчысы Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аяктайт.