• Жума 14 Кулжа 2024
  • Пятница 14 Июнь 2024

Илим Карыпбеков Эверестти багындырды 

24 Бугу 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Илим Карыпбеков дүйнө чокусу Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Дүйнө чокусу ийгиликтүү кабыл алып, аман эсен кетирди! Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик. Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок аба ырайынын айынан, өмүр-жашоо сызыгына чейин келип, 8350-8400 метр бийиктикке чыгып, жете албай кайтып келдим. 4-5 күн даярданып, чоң сыноолордон өтүп, кайра аттанып, мунусун жол ийгиликтүү болду. Баарын шашпай айтып берем. Колдооңорго ыраазымын! Бул текстти Эверест негизги жатагынан Катмандуга тик учак менен учуп баратып жазып жатам. Көрүшкөнчө!», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 195