• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Карышкыр» каймана аттуу Мурсалым Умырзаков «мыйзамдагы ууру» макамынан баш тартты (видео)

1 Кулжа 2018 12:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV

Россиялык «Прайм-Крайм» интернет басылмасы кыргызстандык «мыйзамдагы ууру» Мурсалым Умырзаков криминалдык макамынан баш тартуу жөнүндөгү катка кол койгон видеосу интернетке жарыяланды.

Тасмадан «Карышкыр» каймана аттуу М.Умырзаковго эгер ал кагазга кол койгонун, мындан ары укук коргоо кызматкерлерине «кызыксыз» болорун, жөн гана жаран катары караларын түшүндүрүшкөн. Жыйынтыгында М.Умырзаков катка кол коюп берген.

Бул окуя 2017-жылдын 10-январында тартылганы. Ал эми  М.Умырзаков жазасын Россиянын Архангельск облусунда өтөп жатканы айтылат.

Количество просмотров: 31