Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү карыялар үйүндө 8-март эл аралык аялдардын күнүнө карата апаларды куттуктоо менен биргеликте майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Сынакка катышкан 10 карыя талап боюнча өздөрүнүн өнөрүн тартуулашты.
Жакындары камкордук кылуудан баш тарткан апалардын көңүлүн көтөрүү максатында атайын сынак уюштурулуп, белектерди тапшырууну жетекчилик колго алган.
Майрамдык маанай тартуулоо үчүн көрүлгөн аракет мыкты болгонуна карабай, алардын жүзөрүнүнөн кубаныч көрүнбөйт. Антсе да алар мындай сый үчүн өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти.
Бул жерде күн өткөргөн апалардын жан дүйнөсүндөгү арманды сөз менен айтып жеткире албайсың. Алардын үмүтсүз көз караштарында өздөрүнүн уул-кыздарынан ушундай камкордук көрүү тилеги бар экени айтпаса да байкалып турат.