• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Карылардын кайгысы: Өлүгү карыялар үйүнөн чыккан тагдырга ким күнөөлүү?

15 Кулжа 2022 19:25 Бишкек Govori.TV

Бир кезде ата-энелерди карылар үйүнө алып баруу түшүнө да кирбеген кыргызга бүгүнкү күндө кадыресе көрүнүш болуп калды. Андан да өкүнүчтүүсү балдары, эс алуу үчүн же даарыланууга алып келдик деп ата-энелерин алдап таштап кетишет.

Бул мекемеде жөнөкөй тургун мында турсун, кыргызга кызмат кылган аттуу-баштуу инсандар дагы бар.

Бул жерде жашап жаткан карыялардын көпчүлүгү алар үчүн түзүлгөн шартка ыраазы. Анткен менен өз үйүндө балдардын төрүндө небере эркелетип отуруу алардын аткарылбаган кыялы бойдон калууда.

Бул жайга келгендердин басымдуу бөлүгүн эркек карыялар түзөт. Мындай көрүнүштү абышкасы жок байбичелер балдарынын керегине көбүрөөк жарай тургандыгы менен байланыштырышат.

Өмүрүн күтүү менен өткөрүп жаткан улуу адамдардын ар биринин арманы арбын. А бирок, ачык айтып ашкерелегенден айбыгышат. Анткени карабай кеткенден уялбаган уул-кыздары, «эл эмне дейт»,-деп урушкан учурлары дагы болот.

Карыялар үчүн ыңгайлуу жайда жашап жаткандардын арасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы бар. Алардын деле тууган-уруктары бар болгону менен, артыкбаш болууну каалабаган карыя үчүн бул жай өз үйүнө айланып калган.

Бул жайга жаңы келген улуу адам үчүн көнүшүү оорго турат. Мындай жагдайды эске алган жетекчилик, атайын адистердин жардамы менен маселени жеңилдетүүгө аракет кылат.

Карыялардын жашоо шарты менен таанышып жүрүп кызыктай окуяга туш болдук. Аянычтуу тагдырда жашап жаткан карыя көз жумуптур. Мындай окуя бул жерде биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Айрым учурда туугандары жада калса өлүгүн алып кетүүдөн баш тартып, акыркы сапарга ушул жайдан кете беришет.

Жыйынтыктап айтканда бул жердеги шарттар үйүнөн куулуп калган карыялар үчүн ыңгайлуу. А бирок ушундай камкордукту ар бир карыя өз үйүнөн көрсөм деп самаганын алардын муңайган көз караштарынан байкоого болот.

Количество просмотров: 3231