• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Карымшаков: «Өзүнө өрт коем» деген аялдардын насыясы жоюлбайт

19 Чын куран 2021 17:31 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде билдирген.

Анын айтымында, алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал.

«Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен», — деп билдирген Кармышаков.

Эске салсак, 15-апрелде Чүй облусунун Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында нааразылык акциясы өткөн. Анда он чакты аял айыл өкмөтүнүн жанына чогулуп, насыя маселесин чечип берүүнү өтүнүштү жана эгер талабы аткарылбаса өзүнө өрт коюуга чейин барарын билдиришкен. Аялдар пандемия учурунда жумушсуздук күчөгөнүн, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатканын белгилеп, банктардын насыя боюнча пайызын төмөндөтүү же болбосо такыр жоюп салуу талабын коюшкан.

Количество просмотров: 730