• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Карышкыр» аты менен таанымал кримтөбөлдүн кармалышынын чоо-жайы

20 Үчтүн айы 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы Бишкектен УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Мурсалым Умырзаковду (Карышкыр) кармады. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иликтөө жана ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында ЖАМКтын Тергөө кызматынын өзүнчө тапшырмасы менен ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Мурсалым Умырзаковду кармоо боюнча операцияны жүргүзүштү.

Азыркы учурда кармалган кылмышка шектүү жаран Умырзаков КР ЖАМКтын Тергөө кызматына мындан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жеткирилип берилди.

Количество просмотров: 242