• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Карышкырлар Камчыбек Жолдошбаевге тууган эмес

24 Үчтүн айы 201912:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунда карышкыр күч болуп, жергиликтүү мергенчилер атып жетише албай жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлү ага жергиликтүү тургундар кайрылып, карышкыр күнүнө бештен, бир айда 150гө жакын жылкы жеп жатканына кейип, «Карышкырга мергенчилердин алы жетпей, айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор чарчап-чаалыгыптыр. Андыктан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен вертолет алып берип койсо жакшы болмок. Ошого түшүп алып карышкырларды атпайлыбы, ал бизге тууган эмес да», — деп балп этти.

Количество просмотров: 14