• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Карыялар үйүндөгү апалардын арманы…

6 Жалган куран 2023 14:12 Бишкек Govori.TV


Аянычтуу тагдырлардын уясы болгон ушул жайда апалардын майрамы өтүүдө. Майрамдык маанай тартуулоого канчалык аракеттенсе да, алардын жүзүнөн кубанычты көрө албайсың. Мындай күндөрү уул кызынын төрүндө, небере жыттоо ар биринин аткарылбаган тилеги экенин жашыруу мүмкүн эмес. Биз ушундай тагдырга туш болгон карылардын арманын угуп көрөбүз.

Бул жерде канча жан жашаса ошончо түрдүү ташбоор тагдырдын сыноосуна кабылган окуя бар. Кээ бирининин кароого эч кимиси жок болсо, айрымдарынын ден соолугуна байланыштуу келген. Басымдуу бөлүгүнүн жакындары, балдары бар туруп, алардын камкордук кылгысы келбегенинен эле бул жерге келип калышкан. Бирок алар аны ачыктагысы келбей, өз каалоом менен келдим деген сөздү аргасыз айтышат.

Жакындары жээриген апаларды өкмөт өз бооруна кысып, алардын көңүлүн көтөрүү менен алек. Анткен менен алардын кайгысынын ордун толтуруу мүмкүн эмес.

Эң өкүнүчтүүсү ата-энесин бул жайга таштаганы аз келгенсип, алардын пенсиясынан үмүт кылган бала-чакалары да бар.Эл арасында «Ата-энеңди кандай сыйласаң, өз балаңдан ошондой сый көрөсүң»,- деген накыл кеп бар. Бирок, бул нерсе азыркы жаштарды ойлондурбагандай, аз убакыт ичинде ошол тагдыр өз башына келип калуу коркунучу бар экени эске алынбай жатканы кайгыртпай койбойт. Бул жагдайга ар кандай факторлор таасир эткенин айтылганы менен, эч ким так аныктама бере албайт. Балким тарбия жакшы болбой калган деген гана божомол менен чектелет.

Карыялардын коомчулукка керек экендигин белгилөө менен аларга колдоо көрсөтүү үчүн ушундай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турат. Бирок, алардын жан дүйнөсүндөгү арманды сөз менен айтып жеткире албайсың. Алардын үмүтсүз көз караштарында кандай ой катылганы ар бир көргөн жанга түшүнүктүү болуп турат.

Количество просмотров: 2518