• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Карыз жөнүндө кабарлоо салык төлөөчүнүн «жеке кабинетине» келе баштады

9 Үчтүн айы 2024 16:19 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карызы тууралуу билдирүүлөрдү Cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу жибере баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, эгерде салык төлөөчүнүн карызы болсо, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө жөнүндө билдирүү салык төлөөчүнүн макулдугусуз «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жиберилет.

Билдирүү электрондук түрдө жөнөтүлгөндөн кийин, салык төлөөчү өзүнүн «жеке салык кабинетине» киргендигине же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 календардык күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет.

Карызды ыктыярдуу түрдө төлөө үчүн кабарлоо жиберилген учурдан тартып 15 календардык күн берилет. Белгиленген мөөнөттө төлөбөй коюу же толук эмес төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карыздын суммасын өндүрүп алууга алып келет.

Буга салык төлөөчүнүн банк эсебинен талашсыз өндүрүү, салык постун орнотуу, чыгууга чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын алуу чаралары кирет.

Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн Cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетинен» карызы бар экендигин өз алдынча текшере алышат.

Салык кызматы салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн туум эсептебөө үчүн салык төлөөчүлөрдү өзүнүн «жеке салык кабинетин» дайыма текшерип турууга чакырат.

Количество просмотров: 86