• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Карызды 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз». Жапаров кайрылуу жасады

18 Бирдин айы 2022 20:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, тышкы карызды төлөө пландары жана 1-апрелден тарта эмгек акылар жогорулай тургандыгын жазган.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур.

Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз.

Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук.

Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз.

Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз.

Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз».

Количество просмотров: 1180