• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Каржы полициясы аттестатдагы каталар боюнча текшерүүгө киришти

5 Теке 201910:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы каталар боюнча текшерүү баштады. Бул туурасында мекемеден билдиришти.

Алардын маалыматында, Кылмыш кодексинин «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы» айыбы менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү берилген 95 миң аттестатта ката табылганын белгилейт. Андан тышкары, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында «реднюю» сөзү кайталанып жазылып калгандыгы боюнча дагы текшерүү жүрөт.

Количество просмотров: 11