• Ишенби 10 Кулжа 2023
  • Суббота 10 Июнь 2023

Каржы министринин кызматкери Токмокко мэр болду

26 марта 2018 в 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26. 03.2018. Govori.TV

Токмок шаарынын мэрлигине 17-мартта шайлоо болуп, анда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү каржы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиевге добуш берген эле. Бүгүн, БШКнын мүчөлөрү шайлоо протоколун бекитип, жеңип чыккан талапкерди расмий түрдө мэрлик кызматка бекитти.

Эске сала кетсек, мурдагы мэр Жыргалбек Шамыралиев өз эрки менен кызматынан чегинип, анын ордуна КСДП партиясынан эки талапкер ат салышкан болчу.

 

Количество просмотров: 14