• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Касмамбетов: Президенттин инаугурациясына 70% жөнөкөй жарандар катышат

21 Үчтүн айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президентинин инаугурациясына 70% жөнөкөй жарандар катышат. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун инаугурациясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Президенттин инаугурациясы 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармонияда болот.

«Инаугурацияга коомчулуктун өкүлдөрү, окумуштуулар, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, саясатчылар, эл жазуучулары, эл артисттери, парламенттин бардык экс-спикерлери, бардык экс-премьер-министрлер, экс-президенттер, президенттикке талапкер болгондор жана Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Садыр Жапаровдун штабынын каалоосун эске алып, чакырылгандардын 70%ы жөнөкөй жарандар болот. Башка мамлекеттердин президенттери чакырылган жок, анткени бул ички мамлекеттик иш-чара, ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал эске алынды. Бирок Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге чакыруу каты жөнөтүлдү», — деди Касмамбетов.

Количество просмотров: 45