Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 20-мартта ант берет. Иш-чара бүгүн Астанада өттү.
Нурсултан Назарбаев күбө катары залда отурду. Ошондой эле ага президенттин күбөлүгү тапшырылды.
Анда жаңы президент Касым-Жомарт Токаев Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү сунуштады.
Эске салсак, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.
Назарбаев “Нур Отан” партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.