• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Касым-Жомарт Токаев Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

24 Бештин айы 201910:55 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаев белгилүү кыргыз кинорежиссеру Болот Шамшиевдин каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин akorda.kz сайты жазды.

«Болот Төлөнович дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз из калтырды. Ал эки элдин ынтымагынын бекемделишине чоң салым кошту. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталарына ишенем», — деп айтылат телеграммада.

Касым-Жоомарт Токаев Болот Шамшиевдин жараткан эмгектери эки элдин орток маданий байлыгы болуп калганын белгилеген.

Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Количество просмотров: 87