Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 20-мартта ант берет. Иш-чара бүгүн Астанада өттү.
Нурсултан Назарбаев күбө катары залда отурду. Ошондой эле ага президенттин күбөлүгү тапшырылды.
Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин Казакстандын президенти болуп калат.
Касым-Жомарт Токаев 2013-жылдан бери казак парламентинин Сенатынын спикери болуп келген.
Мурда Казакстандын өкмөт башчысы, тышкы иштер министри болгон.
Эске салсак, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.
Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.