• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

11 Үчтүн айы 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Садыр Жапаровду Кыргызстандын башчысын шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын лидеринин басма сөз кызматы билдирди.

Касым-Жомарт Токаев добуш берүүнүн жыйынтыктары ал мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш кылган программаны жалпы элдик колдоого алгандыгын күбөлөндүрөрүн белгиледи.

Казакстандын президенти боордош Кыргызстан менен эки мамлекеттин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелериндеги кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү курсуна бекем берилгендигин билдирди.

Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын башчысына жана жалпы казак элине Кыргыз Республикасынын туруктуу жана өнүгүүгө умтулуусунда туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Жапаров республиканын лидери катары биринчи сапарын коңшу мамлекетке жасай тургандыгын белгилеп, чакырууну кабыл алды. Ошондой эле ал Касым-Жомарт Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады.

Количество просмотров: 48