• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Касымалиев Москвага жумушчу сапары менен келди

23 Аяк оона 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун күн тартибинде 60тан ашуун маселе белгиленген, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу, климаттык күн тартибине ылайык ЕАЭБ «Жол картасы», ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери, 2021-жылы ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү тууралуу жана башка маселелер каралмакчы.

Количество просмотров: 182