• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Касымалиев Панфилов паркындагы талапка жооп бербеген аттракциондордун ишин токтотууну тапшырды

1 Чын куран 202515:24 Бишкек Govori.TV

Панфилов сейил багындагы окуяга байланыштуу Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тез аранын ичинде коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана жарандардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирген аттракциондордун ишин токтотууну тапшырды.

Учурда бул окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталгандыгы, милиция кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Эске салсак, 31-мартта Бишкектеги Панфилов атындагы сейил багындагы эс алуучулардын бири аттракциондон кулап түшкөн. Жабыркаган кыз учурда ооруканада, абалы оор экени айтылган.

Количество просмотров: 189