• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Касымалиев Россияга барат

17 Жетинин айы 202510:40 Бишкек Govori.TV

17-18-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.

Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Количество просмотров: 78