• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр болгусу келеби?

9 Тогуздун айы 2018 10:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болгусу келет» деген сөздөр боюнча пикирин билдирди.
«Мен министр болоюн деген ниетим жок. Министрликтин жетекчилиги мынтип теманы башка жакка бурууга аракеттенүүдө. Мени кызмат кызыктырбайт, системдик маселелерди чечүүнү көздөп жатам. Социалдык өнүктүрүү министрлиги — кимдир-бирөөлөрдүн негизги курс боюнча квалификациясын жогорулатуучу эксперименттерди жасоочү мекеме эмес. Бул министрликке калктын эң аярлуу катмары менен иштей турган кесипкөй адам керек. Акыркы болгон окуялардан кийин бул тармакты жөнгө салууга дагы канча убакыт керектигин билбейм. Министрлик — саясий күрөштүк инструменти эмес. Бул тармактын жетекчилигине туура дайындоо — мамлекеттин жүзү», — дейт депутат.
Эске салсак, буга чейин Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана анын орун басарлары бюджеттин эсебинен бир нече өлкөгө барганын айтып чыккан. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «Касымалиеванын айыптоолору негизсиз, анын максаты — жалпы системди каралоо» деп жооп беришкен.

 

Количество просмотров: 30