• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Касымалиева: Конституциянын долбоору импичментти дээрлик мүмкүн эмес кылып койду

17 Бирдин айы 2021 18:26 Бишкек Govori.TV

Конституциянын жаңы долбоорунда реалдуу түрдө президентке импичмент жарыялоо такыр мүмкүн эмес. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева жаңы Баш мыйзамды Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуулоо учурунда билдирди.

Касымалиеванын айтымында, мамлекет башчыны кызматтан алууга, биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы (45 добуш) макул болушу керек. Экинчиден, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун корутундусу керек.

«Биздин реалдуулукту алганда мындай такыр эле мүмкүн эмес. Себеби башкы прокурор менен Конституциялык соттун төрагаларын президент дайындайт. Демек, мында бийлик бутактарынын балансы сакталбайт», — деди Касымалиева.

Количество просмотров: 145