• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Касымалиева: «Кыйын» долбооруна жогорку баа берем

4 Бугу 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

«Кыйын» долбооруна жогорку баа берем. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

«Аталган долбоорго көп катышам. Коомубузда кыйын аялдар абдан көп. Аларды сууруп чыгып элге тааныштыруу идеясы ишке ашты десек болот. Бул долбоор жеке тагдырларга дагы таасирин тийгизди. Алсак, айымдар өзүнө-өзү ишенип, бири-бири менен тажрыйба алмашып өзгөрүүлөр болду»,-деди Жогорку Кеңештин вице-спикери.

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 алдыңкы айымдар катышты.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. Тренингди “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетологдор Мурат Соорбеков жана Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

Количество просмотров: 133