Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV.
Иса Өмүркулов партиядан чыгарылган адам. Ошондуктан анын ар кандай съезддерди өткөрүүгө укугу жок. Мындай билдирүүнү КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков айтты.
«Иса Өмүркулов партиянын саясий кеңешинин жыйынында, съезд өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирген. Мындай чечимдерди кабыл алганы мыйзамсыз. Бул коомчулукту жана журналисттерди адаштырып жатат. Негизи мыйзамчы кишинин мындай кадамы туура эмес»,- деп кошумчалады Нурбек Касымбеков.
Эске салсак, өткөн жылдын 1-ноябрында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чукул маалымат жыйынын өткөргөн. Анда ал, КСДП нын саясий кеңешинин, аны мүчөлүктөн чыгаруу чечимин легитимсиз деп атап, сөзсүз түрдө реакция болоорун айткан.