• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Катачылык кетирсем, кечирим сурайм! Алтынай Өмүрбекова кайрылуу жасады

2 Чын куран 2020 0:30 Бишкек Govori.TV

Кызматынан кеткен, мурдагы Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кайрылуу жасады.

«Урматтуу достор, мекендештер!!!
Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем!!! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы — ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу — мен үчүн эң башкы баалуулук, максат.
Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем! Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал — коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин Эл элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар!
Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашырып албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм!
Ийгиликтер алдыда! Бар болуңуздар, аман болунуздар!«, — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Буга байланышкан жарлыкты президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде чыгарды. Жарлыкта аталган вице-премьер менен министр Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык бошотулганы белгиленген.

Количество просмотров: 6095