• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Катар мамлекети 81 бейтаптын жүрөгүнө бекер операция жасоого көмөк көрсөтөт

19 Жетинин айы 2020 11:13 Бишкек Govori.TV

Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги жана Катар кайрымдуулук фонду жүрөк оорулары үчүн операция жасоого жардам берет. Бул тууралуу 17-ноябрда саламаттык сактоо министрлигинде Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла Аль-Сулайти менен министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки тарап жүрөк оорулуу 81 бейтапка  акысыз операция жасоо боюнча механизмдерди жана жалпы саламаттык сактоо жаатында жана медицина тармагында эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.

“Катар Мамлекети саламаттык сактоо тармагына дайыма жардам көрсөтүп келээри баарыбызга белгилүү. Белгилей кетсек пандемия башталган учурда Катар кайрымдуулук уюму аркылуу 50 миң АКШ долларына медициналык жеке коргонуучу каражаттарын жана ошондой эле 420 даана кислород концентраторлор коронавируска каршы күрөшүүгө жардам катары министрлике тапшырылып берилген. Ушуга байланыштуу элчи мырза жеке сизге жана Кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”, — деди өз сөзүндө министр.

Жолугушуунун соңунда министр Кардиохурургия борборунун жетекчилигине операцияга муктаж болуп кезекте турган жарандардын жана операция жасай турган кардиохирургдандын тизмесин тез арада тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 82