• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Катар мамлекети Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция жасап берет

24 Теке 202416:12 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандагы угуусу начар 200гө жакын балага бекер операция жасоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран АльМарринин жолугушуусунда айтылды.


Жолугушууда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана
кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция
жасоо маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер
жасалган, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалууда.
Ошондой эле кыргызстандык беш лор дарыгерин Катар мамлекетинин клиникаларында
квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды.

Количество просмотров: 102