• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Катардагы каттам менен учкан президенттер…

1 Баш оона 2023 9:51 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадга кадимки каттамдагы учакка отуруп учуп барганы талкуу жаратып, жакшы пикирлер жазылууда.

Бул тууралуу «Президент Жапаров» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында дагы айтылат.

«Сиз туура баамдадыңыз, президент Садыр Жапаров эл менен бирге кадимки учак менен эч кандай комфорт, люксу жок эле Жалал-Абадга учту. Өлкө башчы менен бир учакта учам деп эч ким ойлобосо керек»,- дейт журналист.

Өлкө башчылардын жарандык каттамдар менен учканы кыйла эле кадыресе көрүнүш. Алсак, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапарлар үчүн кадимки эле учак каттамдарын бир нече жолу пайдаланган.

Экс-президент Роза Отунбаева БУУга эконом-класстагы кадимки учак менен учуп барган.

Количество просмотров: 107