• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Катуу шамал болот. ӨКМ чукул билдирүү таратты

26 Тогуздун айы 202315:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууңуздарды эскертет:

-катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

— унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

— электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

— көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

— үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

Кырсык болгон учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.

Теги:
Количество просмотров: 2396