Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалдык оюнда жаңжал чыкты.
Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Кубанычбек Султан уулу эсепти 3:1 кылып кыргызстандыктардын пайдасына жаңырткан.
Ошондон кийин дароо Казакстан курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген, ал буга эч кандай реакция кылбай, андан ары ат менен кетип калган. Бирок казак жигит аны кууп жетип, кайра камчы менен чапкан.
Ушундан кийин жаңжал чыккан.