Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Казак парламентинин сенатынын төрагасы кызматына Дарига Назарбаеванын талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу КазТАГ маалымат булагы жазып чыкты.
Назарбаеванын талапкерлигин палатанын отурумунда Касым-Жоомарт Токаев сунуш кылды.
Дарига Назарбаева 1963-жылы Темиртауда туулган. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Акыркы жылдары премьер-министрдин орун басары жана парламенттик сенаттын депутаты болгон.