Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды
Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды
20 Теке 201811:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта «муз үстүндөгү бийчи, олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси 25 жаштагы Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин бирөөсү кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал 1994-жылы туулган Жамбыл облусунун тургуну Нуралы Киясов экени аныкталган. Ал жактоочунун катышуусунда көрсөтмө берип күнөөнү толук моюнуна алган. Экинчи шектүүнүн да өздүгү аныкталып аны издөө иштери уланууда «- деп жазылат.
Белгилей кетсек кечээ, 19-июлда белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгүлөрүн уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин бычак менен сайган. Денис алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилип 3 литрге жакын кан жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон.