• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Казакбаев: Чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү жүрүп жатат

29 Чын куран 202121:18 Бишкек Govori.TV

Азыркы учурда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүү үчүн бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Казакбаев Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине нааразычылык нотасын жөнөттү деген маалыматты төгүндөдү.

“Тажик тарап менен бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз Душанбедеги элчилик аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, ошондой эле тажик тарап менен күч түзүмдөрүнүн линиясы аркылуу дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, — деп кошумчалады министр.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, тажик тарап 2021-жылдын 28-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө атайылап чыр-чатак чыгарып, кырдаал оор бойдон калууда.

Количество просмотров: 85