• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакбаев Европа Биримдигинин БА боюнча атайын өкүлү Бурианды кабыл алды

28 Үчтүн айы 2021 9:53 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 27-январда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчи, Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурация салтанатына катышуусунун алкагында кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Европа Биримдигинин ыкчам жооп кайтаргандыгы жана коронавируска каршы күрөшүүдө өзгөчө кырдаалдарга кошумча колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Европа Биримдигине Кыргызстандын калкына эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Казакбаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолуна бекем берилген, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзгөн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон өлкө катары, Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар.

Европалык тарап Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусун кубатта тургандыгын жана мындан ары дагы кыргыз тарапка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Европа Биримдиги тарабынан берилген ВСП + статусунун мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын пайдалануусунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕБдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде ЕБ долбоорунун жана Кыргыз Республикасындагы программалык иш-чаралардын алкагында курууну улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Количество просмотров: 47