Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
ЖК жалпы жыйында депутат Руслан Казакбаев суу ресурстарын колдонуудан бюджетке канча каражат түшкөнүнө кызыкты.
2018-жылы Кыргызстандын бюджетине ички суу пайдалануудан 61,1 миллион сом түшкөнүн каржы министринин орун басары Алмаз Азимов эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Руслан Казакбаев бир жылда бир миллион долларга жетпеген акча түшкөнүн айтып, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды.
Депутат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарты боюнча Кыргызстан суунун тазалыгы жагынан дүйнөдө жана КМШда канчанчы орунда турарын сурап, бирок жооп ала алган жок. Министр бул маалыматты депутатка жазуу түрүндө берерин убада кылды.
Бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңеште Суу кодексине жана суу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.